Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-июлда, өлкөбүзгө расмий визит менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Федералдык канцлер Ангела Меркель башчылык кылган германиялык өкүлдөрдү кыргыз жергесине келиши менен жылуу куттуктады. «Биз Сиздин визитке өзгөчө жогору маани беребиз. Кош келиңиз, биз Сизди абдан күткөнбүз. Бул Кыргызстандын тарыхында Германия федералдык канцлеринин алгачкы визити. Бул визит Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы белгилене турган жылы өтүп жатканы чоң мааниге ээ», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин расмий визити кыргыз-немис мамилелерин жаңы баскычка алып чыгарына ишене тургандыгын билдирди. “Биздин тоолуу өлкөбүзгө Сиздин визит менен келишиңиз, албетте, сиздин биз тандап алган демократиялык жолду колдогонуңуз. Ошондуктан Сизге жана Сиздин командаңызга терең ыраазычылык билдиргим келет жана биздин сүйлөшүүлөргө ийгилик каалайм», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель жылуу жана достук маанайдагы кабыл алуу үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстанга алгачкы жолу визит менен келгенин жана эң жогорку деңгээлдеги тыгыз байланыштар эки тараптуу мамилелелердин тереңдигинин күбөсү экендигин белгиледи. “Мен азыр эле Кыргыз техникалык университетинде болуп, студенттер менен жолуктум. Биз саламаттык сактоо чөйрөсүн жана башка тармактарды кредиттөө маселесин талкууладык. Биз сиздердин экономиканы алга жылдырсак деген жакшы максатыңар бар экенин билебиз. Бул оңой-олтоң иш эмес. Сиздер демократиялык жолду тантап алдыңыздар, бул чечим да жеңил эле кабыл алына калган чечим эмес. Сиздердин аймакта кырдаал дайыма эле жөнөкөй боло бербейт. Ошого карабастан, сиздер өнүгүүнүн демократиялык жолун тандадыңыздар, - деди Ангела Меркель. – Сиздердин өлкөңөр чакан, бирок, өтө кооз өлкө. Менин визитимдин максаты – мындан ары кандайча кызматташабыз, биз сиздерге кандай жардам бере алабыз, ушул маселелерди сиздер менен бирге талкуулоо. Бүгүн жаш, эстүү кыргыз студенттери менен жолугуу учурунда алардын ачыктыгын жана активдүүлүгүн көрүп, жаштардын келечеги кең болушун тиледим».

Сүйлөшүүлөр аяктаган соң Президент Алмазбек Атамбаев жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель биргелешкен пресс-конференция беришет.

2016-жыл 14-июль