Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Германия Федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий визит менен келди


Бүгүн, 13-июлда, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий визит менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Германия Федералдык канцлери Ангела Меркелдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Аэропорт майданында асабаларга илинген Кыргыз Республикасынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын мамлекеттик туулары желбиреп, Ардактуу күзөт тизилди, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Расмий визитттин алкагында Президент Алмазбек Атамбаев менен Федералдык канцлер Ангела Меркелдин сүйлөшүүлөрү болот. Лидерлер Кыргызстан менен Германия ортосундагы кызматташтыктын абалына жана аны мындан ары тереңдетүү перспективаларына байланыштуу кең чөйрөдөгү маселелерди талкуулашат, ошондой эле эл аралык жана регионалдык маанидеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу жүрөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Президент Алмазбек Атамбаев жана Федералдык канцлер Ангела Меркель биргелешкен пресс-конференция беришет.

2016-жыл 13-июль