Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев көп адам курмандыктарына алып келген Италиянын түштүгүндөгү жүргүнчүлөрдү тарткан поезддердин кагылышына байланыштуу Италия Президенти Сердж Маттареллага көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев көп адам курмандыктарына алып келген Италиянын түштүгүндөгү жүргүнчүлөрдү тарткан поезддердин кагылышына байланыштуу  Италия Президенти Сердж Маттареллага  көңүл айтты.

«2016-жылдын 12-июлунда Италиянын түштүгүндө көптөгөн курмандыктарга алып келген жүргүнчүлөр поездинин кагылышкандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтууну, ошондой эле жабыр тарткандардын тезирек сакайып кетишин каалай тургандыгын жеткирип коюуну өтүндү.

2016-жыл 13-июль