Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет мамлекеттердин Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн,  12-июлда, Испаниянын, Жаңы Зеландиянын, Судан Республикасынын, Тажикистан Республикасынын жана Таиланд Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.

 Мамлекет башчысы кыргыз жергесиндеги чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары менен жылуу учурашты жана аларды ардактуу жана жооптуу миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады.  Президент элчилердин ишинин натыйжалары өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишеним билдирди. Мамлекет башчысы бул жаатта элчилердин ролун баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилелердин динамикасы аларга байланыштуу болоруна токтолду.

Кыргыз-тажик мамилелери тууралуу айта келип, Мамлекет башчысы Тажикстан – бул бизге кошуна жана бир тууган өлкө экенин баса белгиледи. “Биздин динибиз бир, жалпы тарыхыбыз, жана, албетте, жалпы чек арабыз бар. Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон экөөбүз жакшы достук мамиледебиз,  мен жаңы Элчи биздин өлкөлөр ортосундагы маселелерди чечүүнүн үстүндө активдүү иш алып барат жана эки бир тууган өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өз салымын кошот деген ойдомун», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент өз сөзүндө Кыргызстан менен алыскы мамлекет экенине карабастан, күчтүү жана өнүккөн өлкө болуп калган Жаңы Зеландиянын ортосундагы кызматташуунун активдүү болоруна ниеттене турганын билдирди.  «Айыл чарбасында жана башка тармактарда биз силерден көп нерсени үйрөнсөк болот», - деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз-испан мамилелерине токтолуп, Мамлекет башчысы Кыргызстан Испания менен болгон достук байланышты жогору баалай турганын белгиледи.  Президент эки тараптуу мамилелердин жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын активдешерине ишеним билдирди. Тагырак айтканда, Мамлекет башчысы Кыргызстан Смарт Сити долбоорунун алкагында активдүү кызматташууга чакырды. «Өткөн жылы Барселонанын вице-мэри Энтони Вивес Томас  жумушчу сапар менен келип кетти. Испания Бишкектин Смарт Сити болушуна көмөктөшөт деп ойлойм», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстан жана Судан жемиштүү кызматташтыкты жолго салуу үчүн орток чөйрөлөрдү табышат деп үмүттөнөрүн билдирди. Кошуна мамлекеттердеги кырдаалды эске алып, Президент Судандын элине бакубатчылык жана жарандык биримдик каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Таиланд ортосундагы мамилелер жаңы баскычка көтөрүлөрүнө ишеним билдирди. «Биз Таиланддын канбийкеси Маха Чакри Сириндхорнду Кыргызстандан көргөнүбүзгө абдан кубанычта болдук. Менин оюмча, бул алгачкы чабалекей, эки тараптуу мамилелердин жаңы баскычка чыгаарынан жакшы кабар болду деп ойлойм. Анын үстүнө туризм тармагында биз сиздерден көп нерсени үйрөнсөк болот», - деди Мамлекет башчысы.

Сөзүнүн аягында Президент Алмазбек Атамбаев дипломатиялык миссиялардын башчыларына Кыргызстанда жемиштүү жана натыйжалуу иштөөсүн каалады. Мамлекет башчысы Кыргызстан жана алар өкүлү болуп эсептелген өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилелер көбүнчө алардын ишине байланыштуу болоорун белгиледи.

Президент күндөлүк иште алар кыргызстандык кесиптештери тарабынан, так айтканда, Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты тарабынан ар дайым түшүнүүчүлүк мамиле жана колдоо табышарына Элчилерди ишендирип кетти.

 Маалымат иретинде:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге  Ишеним грамоталарын тапшырган чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары:

1. Педро Хосе Санc Серрано - Испания Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

2. Иэн Александр Хилл – Жаңы Зеландиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

3. Мохаммед Илиас Мохаммед Аль-Хак – Судан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

4. Олимзода Сухроб Ходжа – Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

5. Нат Пинёваттаначип – Таиланд Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

2016-жыл 12-июль