Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 9-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам жарандардын пенсиясынын топтоолорун сактоо максатында кабыл алынган.

Ушул максатта кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренеси боюнча Социалдык фонддун жарандардын пенсиялык топтоолорун ишеним башкаруу укугу 2016-жылдын 31-декабрына чейин улантылат (аракеттеги редакцияда 2015-жылдын 31-декабрына чейин).

Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылды. 

2016-жыл 12-июль