Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 2-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам банкроттуулукка (кудуретсиздикке) байланыштуу мамилелерди укуктук жөнгө салууну жакшыртууга жана бул чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларынын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.