Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 2-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам туунду баалуу кагаздарды чыгарууга жана жүгүртүүгө байланыштуу мамилелерди укуктук жөнгө салууга жакшыртууга багытталган.

«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылы 24-июлда кабыл алынган №251- Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык:

- «туунду баалуу кагаздар»  түшүнүгүн аныктоого тактоо киргизилген;

- туунду баалуу кагаздардын түрлөрү, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары, ошондой эле алардын базалык активине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленери аныкталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 11-июль