Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 2-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам ипотекалык баалуу кагаздардын эмиссиясында жана аларды жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 11-июль