Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 2-июнунда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-беренесинин 2-пунктунун жаңы редакциясына ылайык  аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бангизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна берилген акчалай  үлүштөр жана компенсациялар түрүндөгү кирешелерине киреше салыгы салынбайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 11-июль