Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июлда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы саламаттык сактоо системасында жүрүп жаткан реформалар, оору-сыркоолордун алдын алуу, жарандардын ден соолугун чыңдоо боюнча кызматтарды көбөйтүү жана коомдук саламаттык сактоо кызматын оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Талантбек Батыралиев ошондой эле инфекциялык оорулардын алдын алуу боюнча мерчемделген иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө да айтып берди.

Андан тышкары, саламаттык сактоо министри өлкөдө ири медициналык мекемелерди куруу мерчемдерина жана мамлекеттик чек арадагы санитардык-карантин пункттарын модернизациялоонун жүрүшүнө токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо тармагындагы калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, коррупцияны жоюуга жана бөлүнгөн финансы каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган реформаларды улантуунун маанисин белгиледи.

2016-жыл 8-июль