Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орозо айтка байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусу

Кайрылуунун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Кадырман мусулман бир туугандар!

Баарыңыздарды Орозо айтыңыздар менен куттуктайм!

Жүз миңдеген мекендештерибиз мусулманчылыктын ыйык парздарынын бирин аткарып, бир ай бою орозо тутту. Орозо - бул бир гана денени тазалоо болбостон, баарыдан мурда жан-дүйнө менен пейилди тазартуу болуп саналат. Орозо - бул Кудайым берген өмүрдүн маңызы тууралу ой толгоо мезгили.

Мухаммед пайгамбар чыныгы мусулман болуш үчүн дүйнөнү терең таанууга, ар кандай илимдерге ээ болууга чакырган. Чынында дүнүйө таануу – өтө узак, азаптуу жол, аны жалаң гана диний ишеним менен чаташтырбоо керек.

Кыргыздар эркин мүнөзү, байыркы тарыхы, көөнө маданияты, “Манастай” мухитти жараткан тили, бейиштей керемет жери, жарашыктуу кийими менен айырмаланат. Ата-бабаларыбыз мусулман болушкан. Болгондо да мусулманчылыктын мыкты жөрөлгөлөрүн кыргыздын салттары, үрп-адаттары менен шайкеш келтирип жашап келатабыз. Байыртадан эле элибиз фанатизм менен радикализмден алыс. Айкөлдүк, адал, каниет кылуу, нысап, напсини тыюу, ыймандуулук деген сыяктуу асыл түшүнктөр эне тилибизде эзелтен бар. Ал эми бул түшүнүктөр ыйык Курандын негизин тузөт эмеспи.

Урматтуу мекендештерим!

Азыркы ааламдашуу доорунда прогресс менен кошо бөтөн маданияттарды, жүрүм-турум образдарын, керек болсо кийимдерден бери таңуулоого жол ачылды. Диний ишеним менен улуттук маданиятты, салттарды карама-каршы коюунун айынан бир улут ичинде, атүгүл бир үй-бүлөдө карама-каршылыктар күчөдү. Ошентип, мамлекеттердин коопсуздугуна, улуттук биримдик менен ынтымакка доо кетип жатат.

Тилекке каршы, бул көрүнүштөн Кыргызстан да четте калган жок. Динди күчтөп таӊуулоо, башка ишенимдеги же атеист мекендештирибизди кемсинтүүлөр, коркутуулар болуп жатат. Акыркы кезде диний ишенимге байланыштуу чатактар ырбап, саясый түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылат. Динчилер саясатка киришкенде эмне болоорун азыркы күндө бир топ араб өлкөлөрүнөн көрүп жатабыз.

Кадырман момун мусулмандар!

Кыргызстан калкынын басымдуу көпчүлүгү мусулмандар экени талашсыз. Ислам – тынчтыкка, ынтымакка данакер дин. Бул дин таңуулоого муктаж эмес. Болгону ар ким ишенимге өз жолу менен келиши, Кудайды өз ыктыяры менен таанышы керек деп эсептейм. Ислам тынчылыктын, ынтымактын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн дини.

Урматтуу момун мусулмандар! Мекендештер!

Ыйык Орозо айтыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Ар бир үй бакыт менен ырыскыга толсун!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Кыргыз Республикасынын  

Президенти                                                                        А.Ш. Атамбаев  

2016-жыл 5-июль