Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши өлкөнүн укук коргоо органдар системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин жактырды

“Бүгүнкү чечимди тарыхый деп атоого болот. Жөнөкөй жарандар, бизнес жана инвестициялар мыйзамдын коргоосунда болсун үчүн укук коргоо органдар системасын реформалоо мыйзамдуулукту бекемдөөгө тийиш. Экинчиден, кабыл алынган чечимдер өлкө экономикасын өнүктүрүүгө түрткү бериши керек”, - деди Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-июлда анын төрагалыгы астында өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында. Анда өлкөнүн укук коргоо органдар системасын реформалоо боюнча чаралар комплекси жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров укук коргоо органдар системасын реформалоо концепциясы укук коргоо органдарынын ресурстарын оптималдаштырууну билдирерин белгиледи. Реформа укук коргоо системасынын иш-аракеттерин коомдун жана мамлекеттин таламдарына ылайык камсыз кылууга багытталган.

“Реформа укук коргоо органдарына жарандардын ишенимин жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди болушунча азайтууга, инвестициялык климатка терс таасирин жана бизнеске мыйзамсыз басымды  жоюуга тийиш”, - деди Темир Жумакадыров.

Анын айтымында, алдыдагы реформа укук коргоо органдарынын артыкбаш, кайталанма иш-аракеттерин жана ыйгарым укуктарын жок кылууга өбөлгө түзөт.

Аталган чаралар комплекси укук коргоо органдары менен өз ара мамилелеринде жарандарды жана бизнести коргоо механизмдерин түзүүнү белгилейт.

Талкуунун жүрүшүндө Коргоо кеңешинин мүчөлөрү укук коргоо органдар системасын реформалоонун негизги багыттарын колдоого алып, бул маселенин маанилүүлүгүн жана өз убагында көтөрүлгөнүн белгилешти. Алардын оюнча, укук коргоо органдарынын азыркы системасы коомдун жана улуттук коопсуздуктун азыркы талаптарына жооп бербей калды. Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнүн айтымында, реформанын сапаттуу жүзөгө ашышы мыйзамдарга, анын ичинде Конституцияга өзгөртүүлөрду киргизүү аркылуу гана мүмкүн.

“Белгиленген реформалар туура ишке ашышы абдан маанилүү. Ар бир кадам ийне-жибине чейин жазылышы керек. Баарын мурдагыдай калтырууга мүмкүнчүлүк болбошу керек. Биздин күч түзүмдөр өлкө  үчүн көп иштерди жасап, мыйзамдуулукту камсыз кылууга аракеттенип жатышат. Бирок азыркы абалы коррупционерлер үчүн ыңгайлуу, биз бул системадагы чынчыл кесипкөйлөрдү колдогубуз келет”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Күн тартибиндеги экинчи маселе катары Коргоо кеңешинин мүчөлөрү өлкөдөгү миграциялык процесстерди жөнгө салуу чараларын талкуулашты, анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чечим кабыл алынды. 

2016-жыл 4-июль