Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейнге Читрал округундагы трагедияга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге суу ташкындын айынан адамдардын курман болушуна  байланыштуу көңүл айтты.

«Читрал округундагы суу ташкындын айынан адамдардын курман болушуна  байланыштуу терең кайгыруу менен көӊүл айтам. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына кайрат айткан, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалаган сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду Сизден өтүнөм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2016-жыл 4-июль