Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ирактын Президенти Фуад Масумга Багдаддагы терактка байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ирактын Президенти Фуад Масумга Багдад шаарында террордук чабуулдун айынан жарандардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтты.

«Багдад шаарында адам курмандыктарына алып келген теракт тууралу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

 Кыргыз Республикасы террорчулуктун бардык көрүнүшүн кескин айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл жана кайрат айтып, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалаган сөзүн жолдоду.

2016-жыл 4-июль