Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 26-майында кабыл алынган.

Мыйзам ченемдик укуктук актылаарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча, “Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Конституцияга,  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамга, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамга шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды.

Мыйзамдын негизги жоболору Өкмөттүн, саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын кан жана анын компонентеринин донорлугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 1-июль