Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылы 26-майда кабыл алган.

Мыйзам калкты кургак учуктан сактоо жаатында мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, «Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» Мыйзам жоболорун “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамга, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Мыйзамдарга шайкеш келтирүү үчүн  кабыл алынды.

Кабыл алынган Мыйзамдын негизги жоболору Өкмөттүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын саламаттыкты сактоо, ветеринария жаатында ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган.

Мындан тышкары кабыл алынган Мыйзам тактоо мүнөзүндөгү оңдоолорду камтыйт.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 1-июль