Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө» жана «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылы 18-майда кабыл алган.

Мыйзамдын максаты – аракеттеги мыйзам нормаларындагы карама-каршылыктарды жоюу.

2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирге турган, «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» жана «Маданият жөнүндө» мыйзамдарга киргизилген мамлекеттик маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган кирешелерди бөлүштүрүүгө байланышкан оңдоолорду албаганда Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет. 

2016-жыл 1-июль