Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2016-жылы 4-июлда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болот

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында 2016-жылы 4-июлда  Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болот.

Жыйында төмөндөгү маселелер каралат:

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө;

2. Азыркы шарттарда республикада миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө.

Жыйын жабык режимде өтөт. Анын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров журналисттерге брифинг өткөрөт.

2016-жыл 1-июль