Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана ардагерлер!

Сиздерди өлкөнүн куткаруу кызматынын 25 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Чейрек кылым ичинде Кыргызстанда өз ишине чексиз берилген, ага өз өмүрүн, тагдырын арнаган кесипкөй  куткаруучулардын мыкты командасы түзүлдү. Сиздер күндүн эрте-кечине, аба ырайынын ысык-суугуна жана жергебиздин  географиялык катаал шарттарына карабастан, оор кырдаалга кабылышкан жарандарыбызга эң биринчилерден болуп жардамга келесиздер.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери көптөгөн куткаруу, ар кандай кырсыктардын кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү иштерине жана гуманитардык акцияларга катышып, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калышты.

Соңку жылдары министрликтин түзүмүн оптималдаштыруу жана анын техникалык потенциалын арттыруу үчүн маанилүү кадамдар жасалды. Заманбап технологияларды жана бардык түзүмдөрдүн өз ара аракеттешүүсүн координациялоонун натыйжалуу ыкмаларын колдонуу менен Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору түзүлдү, бул ведомствонун ишин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берди. Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик “112” кызматын түзүүнүн биринчи этабы аяктады. Республиканын бардык ири шаарларында жана райондук борборлорунда куткаруу кызматтары түзүлдү.

Бирок акыркы жылдары башыбыздан кечирген өзгөчө кырдаалдар заманбап каражаттарды колдонуу менен ар кандай жаратылыш жана техногендик кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо системасын өнүктүрүү, квалификациялуу адистерди даярдоо ыкмаларын жакшыртуу зарыл экендигин көрсөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш кызматтарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик органдар менен кыйла так жана тыгыз өз ара аракеттенүү керек.

Өз кезегинде, мамлекет күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин социалдык коргоону жакшыртуу боюнча акыркы жылдары башталган ишти уланта бермекчи.

Кымбаттуу достор!

Дагы бир жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардагерлерин жана бардык кызматкерлерин мааракеңиздер менен куттуктайм! Сиздердин алдыга коюлган милдеттерди ар дайым намыскөйлүк менен аткараарыңыздарга ишенем. Жарандардын өмүрү жана саламаттыгы, өлкөнүн экономикасынын жана социалдык чөйрөнүн туруктуу иштөөсү Сиздердин так жана ырааттуу ишиңиздерге байланыштуу экенин эстен чыгарбаңыздар.

Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө ынтымак-ырашкерлик, бакубатчылык каалайм!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти        А.Ш. Атамбаев”.

2016-жыл 1-июль