Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Исландиянын Президенти Оулавюр Рагнар Гримссонду Исландия курамасынын футбол боюнча Европа чемпионатынын 1/4 финалына чыгышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Исландиянын Президенти Оулавюр Рагнар Гримссонду Исландия курамасынын футбол боюнча 2016-жылдагы Европа чемпионатынын 1/4 финалына чыгышы менен куттуктады.

“Командалык күчтүү эрк менен намыс, керемет оюн, күйөрмандардын бир кишидей колдоосу, албетте, урматтоо жана суктануу сезимин жаратат”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Исландиянын Президенти Оулавюр Рагнар Гримссонго чың ден соолук жана бакубатчылык каалап, ал эми дос Исландия элине тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана жаңы жеңиштерди тиледи. 

2016-жыл 1-июль