Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Стамбулдагы трагедияга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Стамбул шаарынын Ататүрк атындагы аба майданында террордук актынын айынан адамдардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтты.

«Ататүрк атындагы аба майданында көп адамдын курмандыктарына алып келген террордук акт тууралу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан эли боордош түрк эли менен кошо аза күтүп, террорчулуктун бардык түрүн кескин айыптайт», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, ал эми жабыр тарткандардын тезинен сакайып кетишин тиледи. 

2016-жыл 29-июнь