Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ооганстан Президенти Ашраф Гани менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда Ташкент шаарына иш сапарынын алкагында, ШКУ саммитинин аянтчасында Ооганстан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани менен жолукту. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Ооганстан ортосунда соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен  Ооганстан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани региондо стратегиялык инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу преспективалары тууралу пикир алышты.

Ошондой эле мамлекет башчылары ортосунда Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этностук теги кыргыздарга жардам берүү жана абалын жакшыртуу боюнча келишимге жетишилди. 

Тараптар ар кайсы деңгээлде кыргыз--ооган эки тараптуу байланыштарын жандандыруунун маанилүүлүгүн, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында алака-катышты улантуунун зарылдыгын белгилешти.

2016-жыл 25-июнь