Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда Ташкентке иш сапарынын алкагында, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту

Жолугушууда КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстан менен Кытай ортосунда ар тараптуу стратегиялык кызматташтыктын үч жылы ичинде саясый диалог бекемделип, эки тараптуу алака-катыш жемишин берип жатканын белгиледи. «Биз эл аралык иштерде тыгыз координацияны арттырып, бири-бирибизге ар кайсы аянтчаларда колдоо көрсөтүп, элдерибизге пайда алып келиш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз», - деди Си Цзиньпин.

КЭР Төрагасынын айтымында, Кытай Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң көңүл бурууда жана ар тараптуу кызматташтыкты арттыруу үчүн чогуу иштөөгө даяр. Си Цзиньпин Кыргызстан 2016-жылы көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгилерин, бул жылдары өлкөдө өнүгүү жышааны байкалып жатканын белгиледи. «Сиз кызматка киришкенден тарта туруктуулукту камсыз кылууга умтулуп, коррупция менен күрөшкө өзгөчө көңүл бөлдүңүз. Сиздердин ийгиликтерге биз ортоктошпуз», - деди КЭР Төрагасы.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Кытай ортосунда эки тараптын кызматташтыгына тоскоол боло турган олуттуу карама-каршылыктар жана талаштар жок экенин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Кытай менен коопсуздук жаатында кызматташтык чыңдалып жатканын жана кытайлык өнөктөштөрдүн “үч жамандык” -  экстремизм, терроризм жана сепаратизм менен күрөшүү боюнча аракеттерин колдорун белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпин ар кайсы чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин жана кеңири маселелер боюнча өз ара алака-катыштын перспективаларын талкуулады.

2016-жыл 24-июнь