Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө-мамлекеттердин Башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы отурумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда, Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы 15-юбилейлик саммитине катышты.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев меймандостугу үчүн Өзбекстан Президенти Ислам Каримовго ыраазычылык билдирди жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин Башчыларынын Кеңешинин юбилейлик саммитинин бардык катышуучулары менен жылуу саламдашты.

Мамлекет башчысы бүгүн талкууга жана кол коюуга сунуш кылынган документтерди Кыргызстан толук колдой тургандыгын билдирди. «Сөз биринчи кезекте ШКУ курамын кеңейтүү процесси тууралуу болуп жатат. 2015-жылы Уфада Индияны жана Пакистанды ШКУ толук укуктуу мүчөлүгүнө кабыл алуу процедурасын баштоо жөнүндө чечим кабыл алынган эле, ал эми бүгүн меморандумга кол коюлду», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент кабыл алынып жаткан декларацияда ар тараптуу кызматташтыкты алга жылдыруу жана тереңдетүү үчүн биргелешип аракеттенүүгө умтулуу чагылдырылганын белгиледи. «Декларацияда 2007-жылы кол коюлган ШКУ мамлекеттери ортосундагы узак мөөнөттүү ынак коңшулук мамилелер, достук жана кызматташтык жөнүндө Келишимдин принциптерин толук сактоого болгон жалпы умтулуу дагы бир жолу бекемделген. Кыргыз тарап региондо туруксуздукка алып баруучу факторлор көбөйүп, террористтик жана экстремисттик топтор күчтөнүп жатканда кызматташтыктын, чек ара боюндагы аймактардагы бири-бирине болгон ишенимдин жана жалпы чек араны тынчтыктын жана достуктун чек арасына айландыруунун актуалдуулугу ого бетер өстү деп эсептейт», - деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев тарыхый ченемден алганда кыска мөөнттүн ичинде ар кыл чөйрөлөрдө динамикалуу кызматташуу үчүн базалык укуктук негиздер жана уюштуруу механизмдери түзүлгөнүн белгиледи.

Жалпы кырдаал тууралуу айта келип, Мамлекет башчысы ШКУ айдыңында жана дүйнө жүзүндө абал жөнөкөй эмес экенин белгиледи. Региондо аракеттенип жатышкан ИЛИМ (ИГИЛ) күчтөрү жана башка  экстремисттик топтор жалпы коопсуздукка коркунуч келтиришүүдө.

«Жарандарыбызды террористтик уюмдарга тартып, аларды үгүттөө менен кандуу кагылышуу болуп жаткан аймактарга жөнөтүп жатышкандары бизди тынчсыздандырат. Бул аракеттерди террористтик согушчан топторду даярдоо эле эмес, экстремизм идеологиясын жайылтуу катары баалап, ага системалуу түрдө каршы туруу керек деп эсептейм», - деди Алмазбек Атамбаев.

«Биз коңшуларыбыздын тынчсызданууларын тең бөлүшөбүз. Биз Ооганстанда тынчтыктын жана туруктуулуктун орношуна кызыкдарбыз. Ошондуктан саясий жөнгө салуу иштери бардык тараптардын катышуусу менен БУУнун координациялык ролу алдында жүргүзүлүш керек жана албетте, Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга ШКУ да активдүү катышуусу керек», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы быйыл Кыргызстан ШКУ өкмөт Башчыларынын Кеңешинде төрагалык кыларын белгилеп, биздин өлкөнүн экономикалык чөйрөдөгү кызматташууну алга жылдыруу аракеттери  тараптардын  колдоосуна ээ болоруна ишене тургандыгын билдирди.  Ошондой эле  Президент уюмдун долбоордук ишмердигин финансылык камсыз кылуунун жана өнүктүрүү фонду менен ШКУ өнүктүрүү банкын түзүүнү тездетүүнүн маанилүү экенине көңүл бурду.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, бул түзүмдөр соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болот. «Ошондой эле ШКУ өнүктүрүү банкынын башкы кеңсеси Бишкекте болгону Кыргызстан үчүн принципиалдуу мааниге ээ экендигин эске сала кетким келет”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мындан тышкары, Президент Жибек жолу экономикалык алкагын түзүү боюнча Кытай тараптын демилгесин иш жүзүндө алга жылдырууну тездетүү Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин белгиледи. «Мен Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун долбоорлоону жана курууну тездетүү зарыл экенин айткан КЭР Төрагасын толук колдойм”.

Сөзүнүн аягында Алмазбек Атамбаев маданий жана гуманитардык кызматташуу ШКУ алкагындагы өз ара аракеттешүүнүн ажырагыс бөлүгү катары калуусу керек экендигин белгиледи жана саммиттин катышуучуларын 2016-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды.

2016-жыл 24-июнь