Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет Башчылар кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына иш сапарынын алкагында  Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет Башчылар кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов ШКУга мүчө мамлекет башчыларын куттуктап, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин катышуучулар тар курамдагы жолугушууга киришти.

Андан кийин ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңири курамдагы жыйыны башталат.

2016-жыл 24-июнь