Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Президенти Ислам Каримов менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июнда Ташкентке иш сапарынын алкагында, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов менен жолукту.

Өзбекстан Президенти Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алып, ШКУ саммитине жеке катышуусу үчүн ыраазылык айтты. Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев меймандостугу үчүн ыраазылыгын билдирип, ШКУ саммитинин жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты, өлкөлөр арасында экономикалык кызматташтыкты арттыруунун маанилүүлүгүн жана саясый диалогду жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстан Президенти Ислам Каримов мындан тышкары эл аралык күн тартибинде турган маанилүү маселелер боюнча пикир алышты.

2016-жыл 24-июнь