Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисининин орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-июнда кол койгон Жарлыкка ылайык Шайлдабекова Нуржан Кармабековна башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисининин орун басары кызматынан бошотулду.

 Маалымат иретинде: 2016-жылдын 23-июнда Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган.

2016-жыл 23-июнь