Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылы 18-майда кабыл алган.

Мыйзам Кыргыз Республикасында ломбарддык ишмердик чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салат.

Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 23-июнь