Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Турдуназир Бекбоев Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкта токтом кылынат:

- Бекбоев Турдуназир Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин кызматынан бошотулсун.

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу эске алынып,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен тийиштүү жактыруу алынгыча Т. Бекбоевго Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдеттерин аткаруу жүктөлсүн.

Мыйзам кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 23-июнь