Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сот системасын өнүктүрүү боюнча Долбоорду турмушка ашырууга грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2016-жылдын 3-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Сот системасын өнүктүрүү боюнча Долбоорду турмушка ашыруу максатында грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 16-июнунда кабыл алынган.

Бул Гранттык макулдашууну турмушка ашыруу бир жылга эсептелген жана сот системасын өнүктүрүү боюнча Долбоордун биринчи баскычы болуп саналат. Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментин аталган Долбоордун экинчи баскычын турмушка ашырууга даярдоо.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып, он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 21-июнь