Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Президенти Владимир Путинге Карелиядагы трагедияга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда  Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Россия Федерациясынын Карелия Республикасында балдардын курмандыгына алып келген трагедияга байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жана жеке өз атынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн азасын бөлүшүү менен кайрат кылууга чакырган сөздөрүн жолдоду.

2016-жыл 20-июнь