Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июнда, өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы коргонуу саясатынын биринчи кезекте өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого тийешеси бар негизги милдеттерин турмушка ашыруу боюнча Коргоо кеңеши аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Темир Жумакадыров ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана антитеррористтик чараларды күчөтүүгө багытталган иштер тууралуу да баяндама жасады.

Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев жана Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров коррупцияга каршы күрөшүүгө жана өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоого байланыштуу маселелерди да талкуулашты.

2016-жыл 17-июнь