Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга байланыштуу маселелерди мындан ары укуктук жактан регламенттөө Мыйзамдын максаты болуп саналат.

Мыйзам Жер кодексине, Суу кодексине, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизет.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин он күн өткөн соң күчүнө кирет.

2016-жыл 17-июнь