Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьяларды жиберүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыгына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ош облустук сотунун (5 адам), Жалал-Абад облустук сотунун (2 адам), Ысык-Көл облустук сотунун (2 адам), Нарын облустук сотунун (3 адам) жана Чүй облустук сотунун (1 адам), ошондой эле Бишкек шаардык сотунун (1адам)  судьялык кызматтарына дайындоо үчүн 14 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

2016-жылы 9-июнда Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен аңгемелешти. Анын жыйынтыгын жана кошумча алынган маалыматтарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти аталган Кеңештин 10 талапкер боюнча сунуштарына макулдугун берди.

Талапкерлердин материалдарын, ар кайсы мамлекеттик органдардан кошумча алынган маалыматтарды иликтөөнүн натыйжасында Мамлекет башчысы 4 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Буга байланышутуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев эки жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен конкурстардан тандалган 10 талапкер  Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөт менен жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалышты:  Атаев Замирбек Исмаилович, Бектемирова Салтанат Кубанычбековна, Джунусов Заурбек Турдубаевич, Дуйшенбекова Майрагуль Мырзабековна, Калыков Бакыт Усенканович, Касымалиев Мыктыбек Камчыбекович, Кудабаева Гульбара Ишеновна, Матраимов Назымбек Турдалиевич, Омуралиева Анара Медербековна, Султанканов Бактыбек Султанканович.

Экинчи жарлык менен дайындалган 10 судья судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустук сотторуна, ошондой эле Бишкек шаардык сотуна жиберилди:

- Ошский облустук сотуна:

Атаев Замирбек Исмаилович;

Джунусов Заурбек Турдубаевич;

Касымалиев Мыктыбек Камчыбекович;

Матраимов Назымбек Турдалиевич;

- Жалал-Абад облустук сотуна:

Калыков Бакыт Усенканович;

Султанканов Бактыбек Султанканович;

- Ысык-Көл облустук сотуна:

Кудабаева Гульбара Ишеновна;

Омуралиева Анара Медербековна;

- Нарын облустук сотуна:

Дуйшенбекова Майрагуль Мырзабековна;

- Бишкек шаардык сотуна:

Бектемирова Салтанат Кубанычбековна. 

2016-жыл 16-июнь