Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэни анын дипломаттык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-июнда Жапониянын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэни анын дипломаттык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. 

Жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстанда жемиштүү иши үчүн элчиге ыраазылыгын айтып, кыргыз-жапон алакаларын өнүктүрүүгө жана ар башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты жандандырууга анын жеке салымын белгиледи.

Жапония элчиси Такаюки Коикэ соңку жылдары эки өлкө ортосундагы алака-катыштар жогорку деӊгээлге чыкканын белгилеп, жогорку жана эң жогорку деӊгээлде өз ара сапар алышуу эки тараптуу кыргыз-жапон мамилелерине жана биринчи кезекте соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташтыкты жандардырууга кошумча импульс бергенин белгиледи.

Мамлекет башчысы  Такаюки Коикэге жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, Жапония императору Акихито менен Жапониянын Премьер-министри  Синдзо Абэге саламын жана жакшы тилектерин жолдоду.

2016-жыл 16-июнь