Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Президенти Барак Обамага Орландо шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обамага Орландо шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтты.
 
"Кыргыз Республикасы төбө чачты тик тургузган бул кыянатчылык террордук актыны чечкиндүү айыптайт жана террордук актыларды актоого болбой турганына жана жараксыз экенине ишенет", - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгырып көңүл айтуу менен бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалоо сөздөрүн жолдоду.
2016-жыл 13-июнь