Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге мамлекеттик майрам – Россия күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:

«Урматтуу Владимир Владимирович,

Россиянын дос элин жана жеке сизди мамлекеттик майрам – Россия күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Бүгүн Россия Федерациясы өнүккөн демократиялык мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратат. Россиянын эл аралык бедели күн сайын өсүү үстүндө.

Биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүк биздин өлкөлөр менен элдердин жакшылыгы үчүн мындан ары да чыӊдала берет деп ишенем.

Урматтуу Владимир Владимирович, Сизге алдыдагы пландарыңыздын ийгиликтүү ишке аша беришин, ал эми бүткүл Россия элине бакыт-таалай, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

 

Урматтоо менен,

Алмазбек Атамбаев»

2016-жыл 11-июнь