Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу жеңил өнөр жай кызматкерлери жана ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Совет мезгилинде республиканын ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгү жеңил өнөр жайдын үлүшүнө туура келчү, ондогон ири ишканалар бар эле. Бүгүнкү күндө текстиль жана кийим тигүү өнөр жайы Кыргызстан үчүн жогорку экспорттук потенциалы бар артыкчылыктуу тармак бойдон калууда.

“Кыргызстанда жасалган” деген белгиси бар товарлардын 90%дан ашыгы Россияга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө экспорттолот жана кийим тигүү продукциясынын сапаттуу экендигинин кепилдиги болуп саналат. Өлкөбүздө миңдеген жаңы ишканалар пайда болду, 150 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү.

Акыркы жылдары кийим тигүү тармагы экономикалык кризистин айынан кыйынчылыктарга туш болуп, өндүрүштүн көлөмү азайып кеткендигин моюнга алуу керек.

Мамлекет жеңил өнөр жай чөйрөсүн кошо алганда, ишкерлердин ишине дем берүү боюнча чараларды көрүүдө. Бүгүнкү күндө интеграциялык союздун рыногунун ичинде товарларды өткөрүү үчүн бардык соода жана бажы тоскоолдуктары алып салынды жана Евразия экономикалык союзунун рынокторуна жүктөрдү жеткирүү боюнча транспорттук чыгымдар дээрлик эки эсеге кыскарды. Бул текстиль-кийим тигүү продукциясын экспорттоону жогорулатууну камсыз кылууга, жаңы сатуу рынокторуна чыгууга жана Кытайдан контрафакт продукциясынын алып келинишин азайтууга мүмкүндүк берет.

Оңой эмес экономикалык шарттарга карабастан жеңил өнөр жай ишканалары өндүрүш технологияларын дайыма өркүндөтүп, ассортиментти кеңейтип жана өзүнүн продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Таланттуу дизайнерлер иштеп чыккан, сапаттуу кездемеден тигилген продукция Россиянын жана Казакстандын ири шаарларына чейин жетип, дүкөндөрдүн текчелеринде татыктуу орунду ээлеп, алардын шарттарына да туура келет. Кыргызстандык дизайнерлер дүйнөнүн мода көрсөтүүчү жерлеринде улуттук кийимдерибиздин уникалдуу коллекциясын көрсөтүүдө, ал эми Бишкекте өткөрүлүүчү эл аралык көргөзмөлөр ата-мекендик товарлардын баркын көтөрүп, республиканын жеңил өнөр жайына көбүрөөк көңүл бурдурууда.

Мен жеңил өнөр жай кызматкерлеринин көөнөрбөс салты сакталып, арта берет жана республикабыздын андан ары гүлдөп өнүгүшүнө кызмат кылат деп ишенем.

Урматтуу жеңил өнөр жай кызматкерлери жана ардагерлер!

Сиздерге, үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакыт-таалай, түгөнгүс күч-кубат, жаңы идеяларды жаратууну жана алардын орундалышын каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                  А.Ш. Атамбаев”.

2016-жыл 10-июнь