Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын аткарылышы жөнүндө маалыматты укту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июнда, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаевди жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды.

Жолугушууда Бакыт Рыспаев Мамлекет башчысына этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жакшыртуу боюнча акыркы жылдары аткарылып жаткан иштердин негизги багыттары тууралуу баяндап берди. Анын сөзү боюнча, бүгүн, Концепция кабыл алынгандан бери 3 жыл өткөндөн кийин, анын алгачкы эки баскычы аткарылды деп айтууга болот.

«Бир катар иштер аткарылды, анын ичинде улуттук жана жергиликтүү деңгээлде этностор аралык чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жооптуу система түзүлдү. Тил саясатын ишке ашырууга мамиле сезилерлик өзгөрдү, этникалык таандуулугуна карабастан, бир өлкөнүн жараны экендиги менен сыймыктанган адамдардын катары калыңдаганы байкалат», - деди Бакыт Рыспаев.

Токон Мамытов азыркы жаңы шарттарда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ролу жана функциясы өзгөргөнүн, ал этностор аралык мамилени башкаруунун демократиялык системасындагы өз ордун таба баштаганын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө үчүн көп улуттуу элдин биримдигин чыңдоо боюнча иштердин мааниси өзгөчө экенин жана ал бардык мамлекеттик органдардын жана ар бир жарандын туруктуу мамилесин жана олуттуу аракеттерин талап кыларын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда ар кыл этникалык коомчулуктардын биргелешип ынтымакта жашоосунда бай тажрыйба топтолгонун, ар бир жарандын жана бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн этностор аралык конструктивдүү диалогду сактоо жана мындан ары өнүктүрүү боюнча бардык чараларды көрүү зарылдыгын айтты.

Жолгушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында  этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева да катышты.

2016-жыл 9-июнь