Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июнда, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, баалардын туруктуулугун кармап туруу жана анын ичинде өлкө ишкерлери менен фермерлерине берилүүчү насыялардын көлөмүн арттыруу аркылуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле 2016-жылдын май айында өлкөдө инфляциянын көлөмү жыл башынан бери 3,4 пайызга төмөндөп, 0,2 пайызды түзгөнүн айтты. «Банктарды каптитализациялоо процесси уланууда. Быйылкы жылдын 1-июлуна алардын капиталы 400 млн сомго, ал эми 2017-жылдын 1-июлуна карата – 600 млн сомду түзөт», - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов. 

Президент Алмазбек Атамбаев жана Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ошондой эле өлкөдө накталай эмес төлөөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга карата эсептелген Мамлекеттик программанын аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Мамлекет башчысы өлкө үчүн тобокелчиликти азайтуу жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Улуттук банк эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен накталай эмес жүргүзүүнүн үлүшүн арттыруу аркылуу экономиканын долларлашуусунун деңгээлин төмөндөтүүгө багтытталган бул программаны аткаруу боюнча иш-чараларды  активдүү турмушка ашыруусу керек деп белгиледи.

2016-жыл 8-июнь