Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, 6-июнда Бишкек шаарында газ цистернасынын жарылуусунан жана жүк ташуучу автоунаалардын өртүнөн жабыр тарткандарды дарылоо жана дары-дармек сатып алуу үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 000 (беш жүз миң) сом бөлдү.