Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстан КМШны реформалоо маселелерине тең салмактуу жана прагматикалык мамиле жасоону жактайт»

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-июнда  Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин Бишкектеги жыйынына катышып жаткан делегациялардын башчылары менен жолукту.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы делегация башчыларын кыргыз жергесинде чын дилинен куттуктады. «Бүгүн КМШда төрагалык алкагында Кыргызстан КМШ өкмөт башчылар Кеңешинин юбилейлик жыйынын өткөрүп жатат. Мен ишиңиздерге ийгилик каалап, жемиштүү өткөрүп алууңуздарды тилейм», - деди Алмазбек Атамбаев. 

Президенттин сөзү боюнча, КМШнын 25 жылдык юбилейинде Шериктештикке төрагалык кылуу ардактуу миссиясы Кыргызстанга буюруп отурат. «Быйылкы жылдын сентябрында Бишкекте Шериктештикке мүчө мамлекет башчыларынын катышуусу менен КМШнын юбилейлик саммити өтөт. Албетте, мен сиздердин жана Уюмдун секретариатынын албан аракеттерине жараша Бишкек саммитин жакшы өткөрөбүз деген үмүттөмүн», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

«Уюмду трансформациялоо зарылдыгы жана КМШнын тармактык органдарын реформалоо жөнүндө сунушту Кыргызстан колдогонун билесиздер», - деди Алмазбек Атамбаев. Ошону менен катар Мамлекет башчысы бардык чечим так жана кынтыксыз эсептелип, алгылыктуу болушун көздөп, Кыргызстан КМШны реформалоо маселелерине тең салмактуу жана прагматикалык мамиле жасоону жактарын белгиледи.

Президент азыркыдай жолугушуу жана талкуулар бардык өлкөлөрдүн көңүлүнө жаккыдай жана өз ара алгылыктуу чечим кабыл алууга өбөлгө болоруна үмүттөнөрүн билдирди.

Мамлекет башчысы КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин алдыдагы жыйыны Уюм мүчөлөрүнүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү маселелери боюнча конструктивдүү пикир алышуусу үчүн талкуулар аянтчасы болуп каларына ишенерин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин жыйынына катышып жаткан делегация башчыларынын ишине ийгилик каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга Азербайжан премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглы, Армениянын биринчи вице-премьер-министри Ваче Габриелян, Беларустун Премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов, Кыргызстандын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Молдованын Премьер-министри Павел Филип, Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода, Түркмөнстан Министрлер кабинетинин төрагасынын транспорт жана байланыш боюнча орун басары Сатлык Сатлыков, Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов жана КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышты.

2016-жыл 7-июнь