Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-июнда  Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту.

Жолугушуу башында Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Россия ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана  эки өлкө элдеринин ар тараптуу карым-катнаштарын чыӊдоого чоң салымы үчүн Россиянын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге «Данакер» орденин тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевдин дайыма колдоосун белгилеп, кыргыз-россиялык эки тараптуу мамилелерди  бекемдөөгө салымы үчүн Кыргызстандын жалпы элинин атынан алкыш жолдоду.

«Бул сыйлык достукту бекемдөөгө чоң салым кошкондорго ыйгарылат. Биздин биринчи жолугушуудан тарта эле сиз дайыма бизге жардам берүүгө аракеттенип келатасыз.  Сиз Кыргызстанга өзгөчө жылуу мамиледесиз. Биз акыркы жылдары сиздин колдоону сезип жатабыз», - деди Президент Алмазбек Атамбаев. 

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев өз кезегинде жогорку мамлекеттик сыйлыгы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылык айтты.

«Бул биздин өлкөлөр ортосундагы достуктун символу, элдерибиз азыркы заман шарттарында жакшы жашашы үчүн жүргүзүп жаткан жалпы ишибиздин символу. Биз экономикалардын өнүгүшү, социалдык чөйрөдө маанилүү чечимдер кабыл алынышы үчүн аракеттенип жатабыз. Россия менен Кыргызстан ортосунда достук мындан ары да бекемделиши үчүн мен болгон күч-аракетимди жумшайм», - деди Дмитрий Медведев. 

Жолугушууда эки тарап кыргыз-россиялык кызматташтыктын маанилүү маселелерин, ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүктүн кеңири спектри боюнча мындан аркы өз ара аракеттердин негизги багыттарын талкуулады.

2016-жыл 6-июнь