Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КЭР Шиңжан-Уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат Турдуну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Шиңжан-Уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат Турдуну кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча облус жетекчилигинин Кытайдын борбордук Өкмөтү менен биргелешкен иши тууралу маалыматты укту.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай жетекчилиги региондун экономикалык өнүгүүсү үчүн эле эмес, этностук кыргыздардын маданий-улуттук өзгөчөлүктөрү менен кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү боюнча бардык колдоону көрсөтүп жатканын канаттануу менен белгиледи.

2016-жыл 4-июнь