Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа тышкы ишмердик кызматынын Башкы катчысы Ален Ле Руа менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-июнда өлкөбүзгө иш сапары менен келген Европа тышкы ишмердик кызматынын Башкы катчысы Ален Ле Руа менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа бирлигинин ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери, ошондой эле ар кыл чөйрөлөрдөгү мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн негизги багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн, анын ичинде заманбап биометрикалык технологияларды пайдалануу менен Жогорку Кеңешке шайлоолорду ачык жана адилет өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн Европа бирлигинин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.  Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы боло турган президенттик шайлоону  да өткөрүүдө европалык өнөктөштөр маанилүү роль ойной турганына үмүт артаарын белгиледи.

Европа тышкы ишмердик кызматынын Башкы катчысы Ален Ле Руа Европа бирлиги Кыргызстанда демократияны чыңдоо боюнча аракеттерди колдоону уланта тургандыгын, ошондой эле орчундуу багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшө тургандыгын билдирди.

2016-жыл 3-июнь