Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборуна барып, балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн пациенттерин көрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июнда,  Улуттук онкология борборуна барып, балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн пациенттерин көрдү.

Мамлекет башчысы балдарды дарылоонун шарттары менен таанышып, онкология бөлүмүндөгү палаталарга кирип, балдар жана алардын ата-энелери, ошондой эле оорукананын жамааты  менен маектешти.

Президент Алмазбек Атамбаев балдарга оорудан сакайып кетүүнү каалап, ак ниет иши үчүн онкология жана гематология бөлүмүнүн жамаатына ыраазычылык билдирди. «Эң башкысы, балдар оорубасын. Ар бир ата-эне балдарынын аманчылыгын, ден соолугун тилейт. Баланын кыйналганын көрсөтпөсүн. Балдардын ден соолугу чың болсо, биз үчүн андан өткөн чоң бакыт жок», - деди Президент.

Мамлекет башчысы  Улуттук онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу   Б. Султангазиевага балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн финансылык колдоо максатында 5 000 000 (беш миллион) сомдук сертификатты тапшырды.

Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө Президент Алмазбек Атамбаев менен бирге анын жубайы  Раиса Атамбаева жана өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев барышты.

2016-жыл 1-июнь