Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

Бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдар – биздин бактыбыз, кубанычыбыз, жашообуздун максаты жана маңызы. Бул күнү ар бир ата-эне балдарына мээримин жана сүйүүсүн төккөнгө умтулат. Эң башкысы, бул күн балдар дайыма чоңдордун камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин дагы бир жолу биздин эсибизге сала турган күн.

Кыргыз мамлекетинде балдарды коргоо үчүн, аларды татыктуу тарбиялап, кайгы-кападан алыс, тынч жана беймарал жашоосун камсыз кылуу үчүн көп аракеттер көрүлүүдө. Өлкөдө жаңы төрөлгөн наристелер көбөйүп, чарчап калган ымыркайлар азаюуда. Балалуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык абалы акырындап жакшырууда. Мамлекеттик бюджеттин чейреги билим берүүгө жумшалат. Акыркы жылдары балдар бакчаларынын саны эки эсе өстү.

Балдарды коргоо күнү биздин балдарыбызга бүт мээримин төгүп, аларды ар тараптуу өнүктүрүүгө, Мекенибиздин татыктуу жараны кылып тарбиялоого күч-аракетин, бүт акылын, билимин жана өмүрүн арнаган ата-энелерге, чоң энелер менен чоң аталарга, педагогдорго өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. 

Ошону менен бирге, көптөгөн ата-энелер өз балдарына аз көңүл бурушат, алар менен чечилип сүйлөшпөйт, балдардын чыныгы муктаждыктарын билишпейт жана көңүл көйгөйүнө кызыгышпайт.

Балдарга татыктуу тарбия-билим берүү сыяктуу эле алардын ден-соолугуна камкордук көрүүнүн да мааниси зор. Чың денелүү, акыл-эстүү жана адептүү баланы тарбиялоо үчүн оору-сыркоолордон, зордук-зомбулуктан эле эмес, азыркы шартта аны психологиялык жана маалыматтык тескери таасирлерден, зыяндуу адаттардан да сактоо керек. Оор кеселге чалдыккан жана ден-соолугуна зак кетип, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өзгөчө камкордукка муктаж.

Балдарыбызды бак-таалайга, сүйүүгө жана мээримге бөлөп, телегейи тегиз өстүрүп-жетилтүү үчүн мамлекет менен ата-энелер биргелешип аракеттенүүгө тийишпиз.  Чынында улутубуздун келечеги, анын руханий негизи мына ушуга байланыштуу. Балдарыбызга мээримибизди төгүп, аларды түркөйлүктөн оолак, жан дүйнөсү бай, руху терең, намыстуу Инсан кылып тарбиялайлы. Ар бир баланы коргоо, анын жөндөмүн, талантын ачып, тилегине, максатына жетишине көмөктөш болуу биздин милдетибиз. Баланын болочок тагдыры, демек, жаңы муундун, бүткүл элибиздин келечек тагдыры өз колубузда.

Сүйүктүү балдарым!

Бүгүнкү майрамдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун! Силерге ар дайым жарык маанай, бекем ден-соолук, тоодой бак-таалай каалайм. Жашооңордун ар бир мүнөтү жомоктогудай кереметтүү жана шаттуу болсун. Күлкүңөрдүн шыңгыр добушу эч качан өчпөсүн. Акылдуу, чынчыл, адептүү, билимдүү жана мекенчил болгула. “Жаштын тилегин берет” дейт элибиз. Тилегиңер кабыл болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                            Алмазбек Атамбаев”

2016-жыл 1-июнь