Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын тар курамындагы жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-майда Казакстан Республикасына бир күндүк иш сапарынын алкагында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын Астанада өтүп жаткан жыйынына катышууда.

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчылары менен чогуу сүрөткө түшүү аземине катышты.

Андан кийин Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын тар курамындагы жыйынына катышты, анда Уюмдун азыркы ишмердигинин ар кандай маселелери талкууланды.

Жыйынды ачып, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев ЕЭБге мүчө мамлекет башчыларын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге кол коюлушунун экинчи жылдыгы менен куттуктады.

Тар курамдагы жыйындан кийин мамлекет башчылары кеӊири курамда ишин улантат.

2016-жыл 31-май