Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-майда, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Кадамжай районундагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер, калкка көрсөтүлүп жаткан жардамдар, ошондой эле жаратылыш кырсыгы учурунда жоголуп кеткен баланы издеп табуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.  «Куткаруучулар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү калк менен бирге селге кабылган үйлөрдү, автожолдорду, каналдарды, инфраструктура жана суу менен камсыз кылуучу объектилерди  калыбына келтирүү иштерин улантып жатышат», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Президент Алмазбек Атамбаев ведомство жетекчисине Кадамжай районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин улантып, жабыркагандарга бардык зарыл жардамдарды берүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдарга кириптер аймактарда жашаган калк арасында түшүндүрүү иштерин жандандырып, аларды алдын ала эскертип, мүмкүн боло турган табигый кырсыктарды болтурбоого даярдоо зарыл экендигин белгиледи.

2016-жыл 30-май