Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кадамжай районундагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү Өкмөткө тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү Өкмөткө тапшырды.

Мамлекет башчысы кырсыктын айынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүүнү буюрду.

Президент Алмазбек Атамбаев жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн Кадамжай районуна өз кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жиберди.

2016-жыл 27-май